Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери
Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 января 2015 года № 26
Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери:
- менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн иш аракеттери менен элдин ден соолугуна зыян келтирип же ага коркунучтуу шарт түзүп жаткан ишкана, мекемелерди, уюмдарды аныкташат. Мыйзамдуу негиз болгон учурда кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонушат;
- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды, жыныстык жугуштуу дарттар жана СПИД оорулуу, акыл-эси кемчил оорулууларды аныкташат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте каттоого алышат;
- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды белгиленген тартипте дарылоону камсыз кылышат;
- укук бузууну алдын алуунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында алкоголь, баңги жана психотроптук заттарды колдонууга байланыштуу административдик укук бузганы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамдарды белгиленген тартипте өз учурунда аныктоо, текшерүү жана экспертизалоо чыгымдарын кийин укук бузуучулардын эсебинен ордун толтуруу менен бюджеттик каражаттын эсебинен жабууга көмөк көрсөтүшөт;
- жашы жете элек куракта токсикомания, наркомания, өнөкөт алкоголизмдин айынан ооругандарды чоңдордон башка шартта дарылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылышат;
- таламдаш ведомстволор менен бирдикте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн медициналык-педагогикалык кеңеш берүү, анын ичинде купуя кеңеш берүү иштерин уюштурушат;
- кызыкдар ведомстволор, КААБ жана башка коомдук уюмдар менен бирдикте үй-бүлөлүк зомбулукка алдын ала эскертүүгө жана алдын алууга катышат;
- калк арасында медициналык билимдерди жайылтышат;
- социалдык жактан жардам берүү фонддорунун иштерине катышышат.
(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 января 2015 года № 26 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
26.01.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кеңеш берүү, анын ичинде купуя кеңеш берүү иштерин уюштурушат; - кошулду: кызыкдар ведомстволор, КААБ жана башка коомдук уюмдар менен бирдикте үй-бүлөлүк зомбулукка алдын ала эскертүүгө жана алдын алууга катышат; - калк арасында медициналык билимдерди жайылтышат; - социалдык жактан жардам берүү фонддорунун иштерине катышышат. кошулду: (КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1679/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>