# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнунун № 71 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнунун № 71 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1600/edition/284889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнунун № 71 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Мыйзамы (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1671

---

Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-июну № 71

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук

актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1671/st-1)

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

1. 13-статьяда "жана анын курамынын" деген сөздөр ", анын подраз-

делениесинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр

менен алмаштырылсын.

2. 14-статья "органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдардын" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 19-статьяда:

- биринчи бөлүгү:

"административдик ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин ", жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын;

"токтомдор, буйруктар жана инструкциялар түрүндө" деген сөздөрдөн

кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - токтомдор түрүндө"

деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи бөлүгүндөгү "жана ведомстволор" деген сөздөр ", админист-

ративдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 39-статьянын биринчи бөлүгү "ведомстволордун" деген сөздөрдөн

кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ме-

нен толукталсын.

5. 44-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "жана административдик ве-

домстволордун" деген сөздөр ", административдик ведомстволордун жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаш-

тырылсын.

6. 49-статьяда:

- статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук

актыларынын колдонулушу тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү жамаат-

тардын бардык мүчөлөрүнө жайылтылат.";

- экинчи бөлүк үчүнчү бөлүк деп эсептелсин.

7. 57-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "жана административдик ведомс-

тволор" деген сөздөр ", административдик ведомстволору жана жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1671/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
