Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-20.
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-июну № 71
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
1. 13-статьяда "жана анын курамынын" деген сөздөр ", анын подраз-
делениесинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
2. 14-статья "органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдардын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 19-статьяда:
- биринчи бөлүгү:
"административдик ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин ", жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
"токтомдор, буйруктар жана инструкциялар түрүндө" деген сөздөрдөн
кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - токтомдор түрүндө"
деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи бөлүгүндөгү "жана ведомстволор" деген сөздөр ", админист-
ративдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 39-статьянын биринчи бөлүгү "ведомстволордун" деген сөздөрдөн
кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ме-
нен толукталсын.
5. 44-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "жана административдик ве-
домстволордун" деген сөздөр ", административдик ведомстволордун жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
6. 49-статьяда:
- статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук
актыларынын колдонулушу тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү жамаат-
тардын бардык мүчөлөрүнө жайылтылат.";
- экинчи бөлүк үчүнчү бөлүк деп эсептелсин.
7. 57-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "жана административдик ведомс-
тволор" деген сөздөр ", административдик ведомстволору жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №101 ""Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 10.02.2009 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241