# КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-январы № 12-б (Имаратты өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-январы № 12-б (Имаратты өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 12-р
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/16656>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-2813/edition/515614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/16656.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-январы № 12-б (Имаратты өткөрүп берүү боюнча) буйругу (23.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/16656

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелинин № 178-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2003-жылдын 13-январы № 12-б "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-июлундагы Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратынын материалдык техникалык базасын түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) балансына Бишкек шаары, Москва көчөсү, 194 дареги боюнча жайгашкан имаратты өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу чарба департаментин жайгаштыруу үчүн тиешелүү имарат издеп тапсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети:

- бир жумалык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын административдик имараттарды пайдалануулары боюнча Топтомо реестрге өзгөртүү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-апрелиндеги № 104-б буйругунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
