# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартынын № 56 "Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары жөнөтүлсүн" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартынын № 56 "Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары жөнөтүлсүн" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1591/edition/284877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 23-мартынын № 56 "Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык ставкалары жөнөтүлсүн" мыйзамы (23.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1661

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы №124

Мыйзамына ылайык)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-марты № 56

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар

тарабынан алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик

товарларга акциз салыгынын 2005-жылга базалык

ставкалары жөнөтүлсүн

2004-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Эл өкүлдөр тарабынан

каралган эмес

1996-жылдын 16-февралындагы № 1

"Кыргыз Республикасынын

Конституциясына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө", 1998-жылдын

21-октябрындагы № 134 "Кыргыз

Республикасынын Конституциясына

өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү

жөнүндө", 2001-жылдын

24-декабрындагы № 112 "Кыргыз

Республикасынын

Конституциясынын 5-статьясына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын редакциясындагы

Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 59-статьясынын

4-пунктуна ылайык жактырылган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1661/st-1)

Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алы-

нып келүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын

2005-жылга төмөнкүдөй базалык ставкалары бекитилсин:

| Акциздик товарлар | Дүњ баасына, бажылык |  |
| --- | --- | --- |
|  | наркына карата |  |
|  | көлөмүнө (кг, л, |  |
|  | даана, т.) жараша |  |
|  | сом жана пайыз менен |  |
|  | акциз салыгынын |  |
|  | ставкалары |  |
| Тамак-аш сырьелорунан өндүрүлгөн ичилүүчү этил | 70 сом/л. |  |
| спирти жана тазаланган этил спирти (арак, |  |  |
| ликер-арак ичимдиктерин, кыйгыл суусундуктарды, |  |  |
| кыйгыл ширелерди, бальзамды, шарапты чыгаруу |  |  |
| укугуна лицензиясы болгон учурда товар |  |  |
| өндүрүүчүлөр тарабынан алып келинүүчү же товар |  |  |
| өндүрүүчүлөргө, атайын керектөөчүлөргө норманын |  |  |
| чектеринде берилгенден башка) |  |  |
| Арак | 40 сом/л. |  |
| Ликер-арак ичимдиктери | 40 сом/л. |  |
| Кыйгыл суусундуктар, кыйгыл ширелер жана | 40 сом/л. |  |
| бальзамдар |  |  |
| Шараптар | 10 сом/л. |  |
| Коньяктар | 25 сом/л. |  |
| Шампан шарабы | 20 сом/л. |  |
| Куюлган пиво | 3 сом/л. |  |
| Куюлбаган пиво | 2 сом/л. |  |
| Шарап материалдары | 2 сом/л. |  |
| Тамеки буюмдары: |  |  |
| Тиби | 1 кутусу үчүн чекене баасы |  |
| чыпкасыз | бардыгы чекене баада | 15 сом/1000 даана |
| чыпкалуу | чекене баасы 10,00 сомду кошуп | 25,00 сом/1000 даана |
|  | алганга чейин |  |
| чыпкалуу | чекене баасы 10,01 сомдон 15,00 | 55,00 сом/1000 даана |
|  | сомду кошуп алганга чейин |  |
| чыпкалуу | чекене баасы 15,01 сомдон 20,00 | 80,00 сом/1000 даана |
|  | сомду кошуп алганга чейин |  |
| чыпкалуу | чекене баасы 20,01 сомдон 25,00 | 105,00 сом/1000 |
|  | сомду кошуп алганга чейин | даана |
|  |  |  |
| чыпкалуу | чекене баасы 25,01 сомдон 30,00 | 130,00 сом/1000 |
|  | сомду кошуп алганга чейин | даана |
| чыпкалуу | чекене баасы 30,01 сомдон 40,00 | 155,00 сом/1000 |
|  | сомду кошуп алганга чейин | даана |
| чыпкалуу | чекене баасы 40,01 сомдон жогору | 180,00 сом/1000 |
|  |  | даана |
| Алтын, платина же күмүштөн зергердик буюмдар | 25% |  |
| Ийленген жана ийленбеген мех терилер | 5% |  |
| (момолой, коен, бугу, ит, кой жана мүйүздүү ири |  |  |
| малдын терилеринен башка) |  |  |
| Пальто, чолок пальто, жакет, жамынма, палантин, | 0% |  |
| боа, моюн орогуч, баш кийим жана жака, тон, |  |  |
| пластинаны кошкондо нукура мехтен тигилген |  |  |
| буюмдар (момолой, коен, бугу, ит, кой жана |  |  |
| мүйүздүү ири малдын терилеринен башка) |  |  |
| Пальто, чолок пальто, жакет, жамынма мехтен | 5% |  |
| жасалгаларды колдонуу менен (момолой, коен, |  |  |
| бугу, ит, кой жана мүйүздүү ири малдын мехинен |  |  |
| башка) |  |  |
| Накта булгаарыдан жасалган кийим | 5% |  |
| Хрусталдан жасалган буюмдар, хрусталдан жасалган | 20% |  |
| жарык берүүчү приборлор |  |  |
| Ок атуучу жана газдуу куралдар (мамлекеттик | 20% |  |
| бийлик органдарынын муктаждыктары жана |  |  |
| мергенчилик үчүн алынган куралдар, ошондой эле |  |  |
| алардын окторунан башка (код ТНВЭД 9306 21) |  |  |
| Нефтепродуктылар: |  |  |
| - бензин, жењил жана орто дистилляттар жана | 800 сом/т. |  |
| башка бензиндер |  |  |
| - реактивдүү отун | 0 сом/т. |  |
| - дизель отуну | 0 сом/т. |  |
| - мазут | 0 сом/т. |  |
| - майлар жаяа газоконденсат | 1400 сом/т. |  |
| - битуминоздук материалдардан алынган | 600 сом/т. |  |
| иштетилбеген нефть жана иштетилбеген |  |  |
| нефтепродуктылар ("Кыргызнефтегаз", |  |  |
| "Баткеннефтегаз" АКсынан башка) |  |  |
| Килемдер жана килем буюмдары (ковролин жана | 10% |  |
| жарымы жүн килемдердеи башка - артикул ОС-1-БЛ, |  |  |
| артикул 001-03) |  |  |
| Кофе жана какао | 5% |  |

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1661/st-2)

Акциздик салыктарды төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Акциз салыгынын ставкалары ушул

Мыйзам тарабынан белгиленет жана аракети анын мөөнөтү аяктамайынча

өзгөртүлүүгө жатпайт.

Ар бир өндүрүүчү, расмий дистрибьютер-импортер ар кварталдын

10-числосунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-

гине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин чекене бааларын көрсөтүү ме-

нен акциз салыгын эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында сатылу-

учу тамеки буюмдарынын тизмесин берүүгө тийиш.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1661/st-3)

2006-жылга акциз салыгынын ставкаларын белгиленген тартипте кабыл

алганга чейин ушул Мыйзам менен бекитилген ставкалар колдонула берет.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1661/st-4)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы күчүнө киргенге чейин "Кыргыз

Республикасында юридикалык жана жеке жактар тарабынан алынып келүүчү

жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2003-жылга базалык

ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген

ставкалар колдонулат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев
