# КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПБ № 60 (Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПБ № 60 (Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/16609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-2767/edition/1126012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/16609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы ПБ № 60 (Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин) буйругу (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/16609

---

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2010-жылдын 15-февралы ПБ № 60 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө Жобонун 15-пунктуна ылайык:

1. Кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын тышкы саясат тобунун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы;

- Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмундагы улуттук координатор;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер мамлекеттик министринин кеңешчиси;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин КМШ департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин коопсуздук кызмат департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-августундагы № 149 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
