# 9-статья. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 9-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-9

---

Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл Кыргыз Республикасынын мамле- кеттик ветеринарияны башкаруу органдары, уюмдары жана мекемелери тара- бынан жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1. Ветеринардык-санитардык абалды иликтөөнү жана баа берүүнү, жа-

ныбарлардын жугуштуу жана жалпы тароочу жугуштуу эмес ооруларын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын жана тамак-аштан уу- лануунун чыгышынын жана таралышынын себептерин жана шарттарын аныктоо- ну.

2. Эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууну жана Кыргыз Республи-

касынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын жугушунан коргоону жана алардын аткарылышын контролдоону.

3. Ветеринария маселеси боюнча башка ченемдик актлардын ветерина-

риялык эрежелерин иштеп чыгууну, колдонууга киргизүүнү, ветеринар- дык-санитардык экспертизаларды, изилдөөлөрдү жана сертификациялык сыно- олорду жүргүзүүнүн тартибин белгилөөнү.

4. Юридикалык жактардыы, жеке ишкерлердин жана жарандардын жаны-

барларды багуунун, жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн, аларды иштетүүнүн, сактоонун, ташуунун жана сатып өткөрүүнүн ветеринардык-са- нитардык эрежелерин, ошондой эле ветеринариялык алдын алуу иш-чараларын аткарышын контролдоону.

5. Жаныбарлардын ооруларына диагноз коюу, алдын алуу жана дарылоо

үчүн ветеринарияда биологиялык дары-дармектерди, ошондой эле ветерина- риялык дагы башка дары каражаттарын өндүрүүнүн жана колдонуунун тарти- бин белгилөөнү.

6. Жаныбарларды өзгөчө факторлордон, табигый жана техногендик кый-

роолордун бүлүндүрүүчү таасиринен коргоо боюнча атайын ветеринариялык иш-чараларды жүзөгө ашырууну.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-10)
