# 8-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 8-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-8

---

караштуу аймактагы мал чарбасынын эпизоотиялык ыњгайлуу абалын камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктары

Мал чарбасында эпизоотиялык ыњгайлуу абалды камсыз кылуу жаатында- гы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1. Жаныбарлардын ден соолугун коргоону, жугуштуу оорулардын чыгы-

шын жана таралышын болтурбоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик сая- сатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу.

2. Ага караштуу аймактагы эпизоотиялык абалды контролдоо.

3. Ветеринариялык-санитардык жана алдын алуу иш-чараларын иштеп

чыгуу жана аны аткарууга көмөк көрсөтүү.

4. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын чыгуу коркунучу болгон же ал

аныкталган учурларда чектөө жана кайтаруу-карантин чараларын киргизүү жана алып салуу.

5. Ага карштуу аймакка жаныбарлардын жугуштуу оорусунун тароо кор-

кунучу туулгандыгы же оорунун белгилери белгиленген учурлар жана анын алдын алуу жана жоюу чаралары жөнүндө калкка кабарлоо.

6. Мал чарбасындагы эпизоотиялык ыњгайлуу абалды камсыз кылуу жаа-

тындагы башка маселелерди чечүү.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-9)
