# 57-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 4-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 57-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-57

---

органдарынын жана мекемелеринин мүлктү, жер участкаларын пайдаланууга жана мүлктү ижарага берүүгө болгон укугу

1. Мамлекеттик ветеринария уюмдары жана мекемелери өздөрүнө

жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдалануучу жайлар, имараттар, ку- рулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары, башка мүлктөр мамлекеттик менчик болуп саналат жана аталган органдар менен мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берилет жана алынбоого тийиш.

2. Мамлекеттик ветеринариянын имараттары же дагы башка объекттери

жайгашкан жер участоктору аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акысыз туруктуу пайдаланууга, сатуу жана ажыратуу укугусуз берилет.

3. Мамлекеттик ветеринария уюмдары аларга оперативдүү башкаруу

укугу менен бекитилип берилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу. Мүлк уюштуруучунун жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо ижарага берилет.

4. Ижаралык мамилелер ижара келишиминин негизинде жана Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

5. Ветеринария жаатындагы мамлекеттик кепилдиктерди ишке ашыруу

үчүн керектүү мүлктү ижарага берүүгө тыюу салынат.

X глава Ветеринария жаатындагы жекече ишкерчилик

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-58)
