# 56-статья. Акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтарды көрсөтүү

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 4-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 56-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-56

---

1. Мамлекеттик ветеринариялык уюмдар жарандарга жана чарбалык иш

жүргүзгөн субъекттерге акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтарды көрсөтө алышат.

2. Бюджеттик каражаттын жана максаттуу каржылоонун дагы башка бу-

лактарынын эсебинен төлөнүп берилүүчү мамлекеттик кепилдик берүү тарти- бинде көрсөтүлүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

3. Акы төлөтүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүнүн тизме-

ги жана аны көрсөтүүнүн тартиби жана наркы мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Мамлекеттик ветеринариялык уюмдар акы төлөнүүчү ветеринардык

кызмат көрсөтүүнүн статистикалык жана бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун жогорку органына отчет берүүгө милдеттүү.

5. Экспорттолуучу продукцияга жана башка кызмат көрсөтүүлөргө ве-

теринариялык сертификат бергендиги үчүн алынуучу акынын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтын наркынан ашпоого тийиш.

6. Акы төлөнүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүү иштеринен алынган

финансылык каражаттар Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтын өнүктүрүү максаттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартип- те жумшалат.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-57)
