# 51-статья. Ветеринария жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдар

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 4-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 51-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-51

---

1. Ветеринария жаатындагы иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдар (мындан

ары - ветеринариялык уюмдар) болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган, уюштуруу документтеринде ветеринария жаатындагы иштердин бир же бир нече түрү көрсөтүлгөн юридикалык жактар таанылат.

2. Ветеринариялык уюмдар уюштуруучулук-укуктук формаларда Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик же жеке жана айыл өкмөтүнө караштуу уюм катары түзүлөт.

3. Ветеринариялык уюмдун аталышында ветеринариялык уюмдардын но-

менклатурасына ылайык аталыш камтылууга тийиш. Кыргыз Республикасындагы ветеринариялык уюмдардын типтеринин жана түрлөрүнүн тизмесин камтыган номенклатура, ошондой эле ветеринариялык уюмдарды жабдуунун типтүү табелдери мамлекеттик ветеринарияны башкаруу- нун республикалык органы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-52)
