# 44-статья. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын диагностикасы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 44-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-44

---

жана иммунопрофилактика жаатыындагы ишти уюштуруунун негиздери

1. Диагностиканы жана иммунопрофилактиканы ветеринария маселесин

тейлеген аткаруу бийлик органы, мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы, мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун областтык жана райондук (шаардык) органдары камсыз кылат.

2. Диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү

жүргүзүү тапшырылган жана алардын аткарылышы үчүн жооптуу болгон мамле- кеттик ветеринария уюмдарын жана мекемелерин, ведомстволук, өндүрүштүк ветеринардык кызматтарды, жекече иштеген ветеринариялык адистерди диаг- ностикалык жана иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылуу мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы тарабынан уюштурулат.

3. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун тийиштүү аймактык органы

менен келишим боюнча диагностика, иммунопрофилактика жана жаныбарлардын Тизмекке киргизилген өтө коркунучтуу ооруларын жок кылуу боюнча эпизоо- тияга каршы иш-чараларды жүргүзүүгө катышкан жекече иштеген ветеринари- ялык адистерге ушул максатка бөлүнүүчү бюджеттик каражаттын эсебинен жумуштун наркы төлөнүп берилет. Аларды ушул көрсөтүлгөн иш-чараларга тартуунун тартибин жана акы төлөөнүн шарттарын мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы белгилейт.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-45)
