# 43-статья. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоону

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 43-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-43

---

жана иммунопрофилактикалоону жүргүзүүгө карата ветеринариялык талаптар

1. Диагностикалык изилдөөлөр жана жаныбарларга алдын алуучу

эмдөөлөр мамлекеттик ветеринариянын, өндүрүштүк кызматтардын, айыл өкмөттөрүндөгү кызматтардын кызматкерлери, ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик иш жүргүзүүчү юридикалык жана ишкердиктин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө укуктуу болгон лицензиясы бар жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуучу эмдөөлөр ветерина-

риялык эрежелердин талаптарына ылайык жана мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

3. Диагностика жана иммунопрофилактика үчүн Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык катталган ветеринариялык диагностикалык жана имму- нобиологиялык дары-дармектер пайдаланылат.

4. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-

мектер милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш.

5. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-

мектерди сактоо жана ташуу ветеринариялык эрежелердин талаптарына жана тийиштүү дары-дармектерге карата техникалык документтердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-

мектерди сактоодо жана ташууда белгиленген ветеринариялык талаптардын сакталышына контроль мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдүн органдары жана мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-44)
