# 42-статья. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 42-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-42

---

иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясат

1. Диагностикалоо жана иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекет-

тик саясат жаныбарлардын инфекциялык ооруларын өз учурунда диагностика- лоого, чыгышынын алдын алууга, таралышын чектөөгө жана жоюуга багыттал- ган.

2. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-

нопрофилактикалоо жаатында мамлекет төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:

- юридикалык жактар, жекече ишкерлер жана жарандар - жаныбарлардын

ээлери үчүн диагностикалык изилдөөлөрдүн жана профилактикалык эмдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн;

- ветеринария маселелерин тейлеген республикалык органдын сунушта-

масы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жаны- барлардын ооруларынын, диагностикалык изилдөөлөрдүн, буларга каршы, ал- дын алуу үчүн акысыз жүргүзүлүүчү эмдөөлөрдүн тизмегине киргизилген (мындар ары - Тизмек) диагностикалык изилдөөлөрдү, өтө коркунучтуу ин- фекциялык ооруларга каршы алдын алуучу эмдөөлөрдү акысыз жүргүзүүнү;

- жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-

нопрфилактикалоо жаатында улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу- ну жана ишке ашырууну;

- диагностикалоону жана иммунопрофилактиканы ишке ашыруу үчүн на-

тыйжалуу диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дармектерди пайда- ланууну;

- ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-

мектердин сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугуна мамлекеттик конт- роль жүргүзүүнү;

- вакцинадан кийин оору күчөп кеткен учурда жаныбарлардын ээлерин

социалдык жактан коргоону;

- ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-

мектерди жасаган ата мекендик өндүрүүчүлөр колдоо көрсөтүүнү.

3. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-

нопрфилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү, ветеринария маселесин тейлеген аткаруу бий- лик органы жака жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдары камсыз кылышат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-43)
