# 4-статья. Кыргыз Республикасында ветеринария ишин уюштуруу

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 4-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-4

---

Кыргыз Республикасында ветеринария иши төмөндөгүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

- ветеринария маселелерин тейлеген аткаруу бийлигинин мамлекеттик

органына караштуу мамлекеттик ветеринария органдары;

- мыйзамдуу тартипте ветеринардык-санитардык кызматтарды түзө алу-

учу аткаруу бийлигинин мамлекеттик башка органдарынын (министрликтер- дин, ведомстволордун) ведомстволук ветеринардык-санитардык кызматтары;

- иши жаныбарларды багуу, пайдалануу, жаныбарлардан алынуучу азык-

тарды, тоюттарды жана ветеринариялык дары каражаттарын өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү менен байланыштуу болгон ишканалардын, мекеме- лердин, уюмдардын жана башка чарбакер субъекттердин өндүрүштүк ветери- нардык кызматтары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн)

ветеринардык кызматтары;

- берилген лицензияга ылайык ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча

жеке ишкердик иш жүргүзгөн ветеринар адистер;

- ведомстволук ветеринардык-санитардык кызматтар, өндүрүштүк кыз-

маттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринардык кыз- маттары жана жекече иштеген ветеринар адистер өз иштерин мамлекеттик ветеринарияны башкаруу боюнча республикалык органдын усулдук жетекчили- ги менен жүргүзүшөт жана ага отчет беришет;

- ветеринария ишине жалпы жетекчиликти ветеринария маселесин тей-

леген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына караштуу Мамлекеттик ве- теринарияны башкаруунун республикалык органы жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-5)
