# 37-статья. Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугунун

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 37-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-37

---

ветеринардык-санитардык ченемдери, аларды белгилөөнүн, колдонуунун, аныктоонун жана тастыктоонун тартиби

1. Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугунун ветеринар-

дык-санитардык ченемдери калктын ден-соолугун ушул азыктардын зыяндуу факторлорунун таасиринен коргоону камсыз кылуу максатында колдонулат жана адамдын ден соолугуна ветеринардык-санитардык факторлордун жана мүнөздөмөлөрдүн зыяндуу таасирлерин изилдөө жана баа берүү, ошондой эле ушул негизде алардын коопсуздугунун ошондой эле зыянсыздыгынын крите- рийлерин аныктоо боюнча комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде белгиленет. Эл аралык ветеринардык-санитардык кодекс жана эл аралык стандарт- тар менен белгиленген коопсуздуктун ветеринардык-санитардык ченемдери, анын ичинде жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү жана аларды жүгүртүү технологияларына коюлган талаптар жагындагы жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, жүгүртүү жана пайдалануу жаатында иштелип чыккан жана колдонулуп жаткан стандарттар, техникалык регламенттер жана башка ченемдик-укуктук актылар аткаруу бийлик органдары жана чарбалык иштердин субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Коопсуздуктун ветеринардык-санитардык ченемдери өзүбүздөгү жана

чет өлкөллөрдөгү жаныбарлардан алынган азыктарга карата бирдей дењгээл- де колдонулуута тийиш. Алардын ченемдик коопсуздугуна ылайык келүүсүн аныктоо жана тастыктоо ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү ме- нен ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-38)
