# 3-статья. Ветеринария жаатындагы укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 3-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-3

---

Ветеринария жаатындагы укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ветеринариялык мыйзамдарын түзгөн Кыргыз Республикасы- нын ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен ишке ашыры- лат. Ветеринария маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органы, мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жана чекте, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жана тескеме- си, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жана тескемеси менен вете- ринария жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу нускамаларды, колдонмолор- ду, эрежелерди, токтомдорду, буйруктарды чыгарууга укуктуу, аларды юри- дикалык жактар жеке ишкерлер жана Кыргыз Республикасынын жарандары ат- карууга милдеттүү. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде ветеринариялык мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, ан- да эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-4)
