# 29-статья. Кыргыз Республикасьша алынып келинүүчү жаныбарларга,

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 29-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-29

---

жаныбарлардан алынуучу азыктарга, тоют жана тоюттук кошулмаларга карата ветеринардык-санитардык талаптар

1. Төлдөтүү жана багуу үчүн, анын ичинде зоопарктарга,

көргөзмөлөргө, спорттук мелдештерге катышуу, ошондой эле башка максат- тарда алынып келинүүчү жаныбарлардын дени сак болушу керек. Кайра иштетүү жана сатып өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү жаныбарлардан алынган азыктар дени таза жаныбардыкы болбошу керек. Сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү тоют жана тоют кошулмалары жа- ныбарлар үчүн зыянсыз болууга тийиш жана жол берилген ченемдерден ашкан өлчөмдө уулуу заттар болбошу керек.

2. Жаныбарлар, жаныбарлардан алынуучу азыктар, тоют жана тоюттук

кошулмалары Кыргыз Республикасынын катышуусу менен ветеринария маселе- лери боюнча эл аралык келишимдерде каралган шарттарды, ветеринария мый- замдарынын талаптарын сактоо менен, ошондой эле алынып келинүүчү көрсөтүлгөн объектилердин (жүктөрдүн) ар бир партиясын анын ветеринар- дык-санитардык коопсуздугун жана ал алынып чыккан өлкөдө жаныбарлардын жугуштуу оорулары жок экендигин ырастоочу (кепилдик берүүчү) ветерина- риялык сертификаттар (күбөлүктөр) менен кошо Кыргыз Республикасынын ай- магына алынып келинүүгө жол берилет. Ветеринардык кызматтар контролдоого алган алынып келинүүчү товар- ларга ветеринариялык талаптар аларды жөнөтүү келишиминин (контракт) ажырагыс бөлүгү болууга жана жөнөтүлүүчү тарабынан аларды сактоо кепил- денүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-30)
