# 27-статья. Жаныбарларды союуну, эт жана эт азыктарын өндүрүүнү

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 3-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 27-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-27

---

уюштурууга карата ветеринардык-санитардык талаптар

1. Эт жана эт азыктарын өндүрүү үчүн юридикалык жактар, жеке иш-

керлер жана жарандар жаныбарларды союуну ветеринариялык эрежелерди сак- тоо менен адистештирилип аттестациядан өткөрүлгөн ишканаларда жүргүзүшү керек.

2. Жаныбарларды союучу, эт жана эт азыктарын өндүрүүчү ишканалар

алардын өндүрүш шарттарына жана ветеринардык-санитардык эрежелерине ылайык келиши боюнча аттестациялоодон өтүүгө тийиш.

3. Жаныбарларды союуда, эт жана эт азыктарын өндүрүүдө ветеринари-

ялык эрежелер сакталууга жана өндүрүштүк ветеринариялык контроль камсыз кылынууга тийиш, ал юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан уюш- турулат. Өндүрүштүк ветеринариялык контроль өндүрүштүк ветеринардык кызматтар тарабынан ишке ашырылат.

4. Экспортко эт жана эт азыктарын өндүрүү, импорттук эт жана эт

азыктарын ташып келүү жана кайра иштетүү (сактоо) эт жана эт азыктарын кайра иштетүүнүн технологиялык ченемдерин сактоо менен ветеринардык-са- нитардык аттестациядан, каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринариялык инспекторунун ветеринардык-санитардык уруксаты бар ишканаларда гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-28)
