# 21-статья. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик ветеринария жана

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 21-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-21

---

мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл органдарын бюджеттик каржылоо

1. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органын жа-

на анын түзүмүнө кирген уюмдар менен мекемелерди каржылоо ушул Мыйзам- дын 5-статьясына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) ветеринардык кызматтын каржылоо республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Базарлардагы ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүчү лабора- торияларды каржылоо райондук, шаардык мамлекеттик ветеринария башкарма- лыктарын күтүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсеби- нен жүзөгө ашырылат. Ветеринарияда пайдаланылуучу микроорганизмдердин депонирленген штаммдарынын улуттук коллекцияларын сактоого кеткен чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы мам-

лекеттик ветеринарияны жана ветеринариялык көзөмөлдөөнү каржылоо үчүн арналган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ведомстволук бөлүштүрүүчүлөргө жана алуучуларга жөнөтүп турат.

3. Ведомстволук ветеринардык-санитардык кызматтардын жана ведомс-

тволук ветеринардык-санитардык көзөмөлдөөнүн иштерин каржылоо ушул кыз- маттар карамагына кирген тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдары- нын бюджеттеринен жүзөгө ашырылат. Бул каражаттар мамлекеттик ветерина- рияны жана ветеринариялык көзөмөлдү каржылоодо Кыргыз Республикасынын жалпы чыгымдарына кошулбайт.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-22)
