# 19-статья. Ведомстволук ветеринардык-санитардык көзөмөл

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 19-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-19

---

1. Айыл чарба ишканаларындагы, мал союу, жаныбарлардан алынуучу

азыктарды кайра иштетүүчү, сактоочу ишканадагы, ведомстволук ветеринар- дык-санитардык кызматы бар мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ве- теринардык-санитардык көзөмөлдөөнүн башка объектилериндеги ветеринар- дык-санитардык көзөмөл ошол кызматтар тарабынан ишке ашырылат; көзөмөлгө алынуучу объекттердин тизмеги, көзөмөлдү уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартиби аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы ветеринариялык инспекторунун макулдугу боюнча бекитилүүчү ушул органдардын жетекчилери тарабынан ведомстволук ветеринардык-санитардык көзөмөл жөнүндөгү жобо менен аныкталат.

2. Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын объекттериндеги ведомс-

тволук ветеринардык-санитардык көзөмөл башкы ветеринардык-санитардык инспекторлор - ушул аткаруу бийлик органдарынын ветеринардык-санитардык кызматтарынын начальниктери тарабынан уюштурулат.

IV глава Мамлекеттик ветеринария жана мамлекеттик ветеринариялык көзөмөл органдарын каржылоо

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-20)
