# 15-статья. Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспекторлордун жана

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 апреля 2009 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/203134)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658#diff=607847..607848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 15-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-15

---

алардын орун басарларынын ыйгарым укуктары

1. Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспекторлорго жана алардын

орун басарларына ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган укуктар менен кошо төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:

- ветеринариялык мыйзамдардын бузулушу жөнүндөгү материалдарды жа-

на иштерди кароо жана зарыл болсо ал боюнча сот органдарына доо менен кайрылуу;

- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине ылайык администрациялык жаза колдонуу тууралу жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгаруу же жазык ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн матери- алдарды укук коргоо органдарына жиберүү;

- кызмат адамдарынын, жеке ишкерлердин жана жарандардын ветерина-

риялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн материалдарды жана иштерди кароо ту- уралу юридикалык жактарды жана жеке адамдарды, жарандарды Кыргыз Рес- публикасынын мамлекеттик ветеринариянын башкаруу органдарына чакыруу жөнүндө аткарылышы милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү;

- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык аткарылууга милдеттүү актыларды жөнөтүү;

- төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:

жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз ал- дынча башкаруу органдарына - жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруларынын очогун жок кылганда жаныбарларды бөлөк багуу же жаныбарлар- дан алынган азыктарды, тоюттарды жана тоюттук кошулмаларды өзүнчө алып коюу, эпизоотияга каршы атайын комиссияларды түзүү, карантин киргизүү жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышын болтурбоого жана жо- юуга арналган дагы башка чектөөчү иш-чараларды киргизүү жана алып салуу жөнүндө; сертификаттоо органдарына - жаныбарлардан алынган азыктардын, то- юттардын жана тоюттук кошулмалардын, ветеринариялык дары каражаттарынын ылайыктуулугу ветеринариялык эрежелерге ылайык келбей калышы аныкталган учурда сертификаттарды колдонууну токтото туруу же алып коюу жөнүндө; лицензия берүү органдарына - лицензиянын ээсинин ветеринариялык эрежелерди бузганы аныкталган учурда анын ветеринариялык практикага бе- рилген лицензиясын колдонууну токтото туруу же аны алып коюу жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринариялык инспек-

торуна ушул Мыйзамдын 14-статьясында жана 15-статьясынын 1-пунктунда каралган укуктар менен ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкүдөй кошумча ыйгарым укуктар берилет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу эпизоотияга каршы атайын комиссия түзүү жана Кыргыз Республи- касынын аймагында карантин, өзгөчө карантиндик режим, жаныбарлардын жу- гуштуу ооруларынын чыккан очокторун жоюуга же коркунуч туулганда бол- гондо алардын чыгышын жана таралышын болтурбоого арналган дагы башка чектөөлөрдү киргизүү (алып салуу);

- этти жана эт азыктарын жана жаныбарлардан алынуучу чийки заттар-

ды өндүрүүчү ишканаларды ветеринардык-санитардык аттестациялоонун, кат- тоонун (эсепке алуунун) ошондой эле ал ишканаларга бул товарларды ташып чыгууга, сактоого жана товарларды кайра иштетүүгө ветеринардык-санитар- дык уруксаттарды берүүнүн тартибин белгилөө;

- ветеринариялык эрежелерди, ветеринардык-санитардык экспертиза-

ларды (изилдөөлөрдү, сертификаттык сыноолорду) жүргүзүүнүн ыкмаларын жана усулдарын, ветеринария жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар- ды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария органда- рынын жана өндүрүштүк ветеринариялык контролдун ишин жөнгө салуучу жо- болорду, нускамаларды жана башка документтерди бекитүү, ведомстволук ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү боюнча ведомстволук ветеринар- дык-санитардык кызматтардын иштерин жөнгө салуучу жетектеме, ченемдик жана башка документтерди макулдашуу.

3. Кыргыз Республикасынын атынан ветеринария маселеси боюнча эл

аралык келишимдерди даярдоого жана кол коюуга катышуу. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-16)
