# 14-статья. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 апреля 2009 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/203134)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658#diff=607847..607848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 14-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-14

---

кызмат адамдарынын укуктары

1. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат

адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарганда жана кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:

- ага караштуу аймактагы объекттерге Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында каралган тартипте, кирүүгө жана карап чыгууга, бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке ишкерлерден жана юридикалык жактардан эпизоотиялык жагдайды, жаныбарлардын ооруган себептерин аныктоого, жаныбарлардан алынуучу азыктардын жана чийки заттардын сапатына ветеринардык-санитардык жактан баа берүү үчүн керектүү болгон маалыматтарды алууга, ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууга;

- жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын чыгышын жана таралуу себепте-

рин аныктоого, ветеринардык-санитардык экспертиза, изилдөө жүргүзүү үчүн жаныбарлардан алынуучу азыктардын, тоюттардын, тоюттук кошулмалар- дын, жаныбарлардын ооруларынын алдын алууга жана дарылоого арналган да- ры каражаттарынын сынактарын алууга;

- транспорттук каражаттардын жана ташылып жаткан жүктөрдүн ветери-

нариялык эрежелерге ылайык келишин аныктоо максатында жаныбарларды та- шыган транспорттук каражаттарга жана ташылып жаткан жаныбарларга, жаны- барлардан алынуучу азыктарга, тоюттарга жана тоюттук кошулмаларга вете- ринардык-санитардык жактан кароо өткөрүүгө;

- ветеринария мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө

жана аны четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө;

- оорулуу деп шек туудурган же жугуштуу оорулуу жаныбарларды ташып

чыгууга (жер которууга) жана айдап өтүүгө (аралаштырууга) тыюу салуу жана аларды өзүнчө бөлүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө;

- изилдөөнүн жана ветеринардык-санитардык экспертизанын натыйжала-

ры боюнча ветеринардык-санитардык жагынан коркучтуу болгон же эксперти- задан өтпөгөн жаныбарлардан алынган азыктарды, тоюттарды, тоюттук ко- шулмаларды, ветеринариялык алдын алуучу же дарылоочу каражаттарды өндүрүүнү (даярдоону), ташууну же пайдаланууну (сатып өткөрүүнү) токто туруу же тыюу салуу;

- жаныбарлардын оорулары чыккан жерлерде же ал пайда болуу корку-

нучу бар аймактарда ветеринардык-санитардык экспертизаларды (изилдөөлөрдү, сертификациялык сыноолорду) жана кошумча ветеринар- дык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү, зыянсыз- дандыруу, дезинсекциялоо жана дератизациялоо жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө.

2. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат

адамдары форма кийим кийип жүрүүгө укуктуу. Бул кийимдин үлгүлөрүн ве- теринария маселесин тейлеген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы аныктайт. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-15)
