# 12-статья. Ветеринардык-санитардык экспертизалар, изилдөөлөр жана

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 12-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-12

---

сертификациялык сыноолор

1. Ветеринардык-санитардык экспертизалар, изилдөөлөр жана сертифи-

кациялык сыноолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринарияны баш- каруу органдары, кызмат адамдары, уюмдары жана мекемелери (эксперттери) тарабынан аныкталган мамлекеттик аткаруу бийлик органы, ветеринария ма- селелерин тейлөөчү мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы белгилеген усул жана тартип боюнча төмөндөгүлөрдү белгилөө мак- сатында жүргүзүлөт:

- жаныбарлардын жугуштуу жана жалпы тараган жугуштуу эмес оорула-

рынын пайда болушунун жана таралышынын, тамак-аштан уулануулардын (оо- руга чалдыгыуунун) себептерин;

- долбоорлоо ченемдеринин, долбоордук жана пайдаланылуучу доку-

менттердин, ветеринариялык көзөмөлдөгү объекттердин, жаныбарлардан алы- нуучу азыктардын, тоюттардын, ветеринариялык эрежелерде жана ченемдерде каралган ветеринариялык каражаттардын ылайык келишин (ылайык келбешин).

2. Ветеринардык-санитардык экспертизалардын, изилдөөлөрдүн, серти-

фикациялык сыноолордун аныкталган тартипте жол-жоболоштурулган жыйын- тыктары башкы мамлекеттик ветеринариялык инспекторлордун өз ыйгарым укуктарына ылайык ветеринардык-санитардык корутундуларды, ветеринария- лык сертификаттарды же күбөлүктөрдү беришине, ветеринардык кызматтын контролу астында турган азыктарды (товарларды) ташып чыгууга, анын ичинде экспорттоого негиз болот.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-13)
