# 11-статья. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдү камсыз кылуунун

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: 2-БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 11-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-11

---

ченемдик укуктук жана усулдук негиздери

1. Мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдүн ченемдик укуктук жана

усулдук жактан камсыз болушу иштелип чыккан жана колдонууга киргизилген ветеринариялык эрежелерге, ветеринардык-санитардык иш-чараларды, экс- пертизаларды, изилдөөлөрдү жана сертификациялык сыноолорду жүргүзүүнүн тартибине негизделет.

2. Ветеринариялык эрежелер илимий маалыматтардын жана жагдайга ка-

лыс баа берүүнүн (тобокелдик дењгээли) негизинде иштелип чыгат, ветери- нария маселесин тейлөөчү мамлекеттик аткаруу бийлик органы, мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы тарабынан бекитилет жана ишке киргизилет; алардын эл аралык стандарттан айырмасы болгон учурда долбоор кабарландырылууга (жарыяланууга) тийиш.

3. Ветеринариялык эрежелер, ветеринардык-санитардык экспертизалар-

ды, изилдөөлөрдү, сертификациялык сыноолорду жүргүзүүнүн тартиби усул- дары, аны пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте катталууга жана расмий жарыяланууга тийиш. Ветеринариялык эрежелерди, усулдарды жана пайдалануу ыкмасын каттоо жана тутумдаштыруу, мамлекет- тик ветеринариялык көзөмөлдү ченемдик-методикалык камсыз кылуу боюнча маалыматтардын базасын түзүү жана киргизүү мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы тарабынан ишке ашырылат.

4. Ветеринариялык эрежелер жана алар тарабынан белгиленген ветери-

нардык-санитардык иш-чаралар эл аралык стандарттарга ылайык келүүгө ти- йиш жана сооданы жасалма чектөөгө же кысмакка алууга, ошондой эле дагы башка түрткүлөөчү максаттарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-12)
