# 1-статья. Түшүнүктөрдүн аныктамасы

- Документ: [Ветеринария жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1658)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175 "О ветеринарии"](https://aqlex.ai/kg/doc/205396)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1589/edition/607847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1658/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ветеринария жөнүндө, 1-статья (30.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат: биологиялык калдыктар - жаныбарлардын өлүктөрү, аборттолгон жана өлүү туулган төлдөр, жаныбарлардан алынуучу эт жана балык азыктары, жа- ныбарлардан алынуучу, ветеринардык-санитардык көрсөткүчтөрү боюнча ал- гылыксыз азык-түлүк жана азык-түлүк эмес чийки заттарды өнөр жайлык кайра иштетүүнүн калдыктары; ветеринария - жаныбарлардын ооруларын изилдөө, алардын алдын алуу жана дарылоо, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардан адамдарды кор- гоо, жаныбарлардан алынуучу ветеринардык-санитардык жактан сапаты жакшы жана коопсуз азыктарды өндүрүүнүн камсыз болушун контролдоо, айла- на-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүтө багытталган илимий билимдердин жана практикалык иштердин жыйындысы; ветеринариялык иш - жаныбарларды жугуштуу жана жугушсуз оорулардан коргоо жана аларды дарылоо, жаныбарлардан алынуучу сапаттуу азыктарды өндүрүүнү камсыз кылуу, адам жана жаныбарлар үчүн бирдей оорулар менен адамдардын ооруп калышын болтурбоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо- нун ветеринардык-санитардык көйгөйлөрүн чечүү боюнча мамлекеттик, коом- дук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси; ветеринардык-санитардык корутунду - жаныбарлардан алынуучу азык- тардын, тоюттардын, тоюттук кошулмалардын, ветеринариялык дары каражат- тарынын, ошондой эле долбоорлоо ченемдеринин, ветеринариялык көзөмөлдөө объекттерин куруунун долбоорун жана пайдаланылуучу документтердин вете- ринариялык эрежелерге ылайык келишин (ылайык эместигин) тастыктоочу до- кумент; ветеринариялык дары каражаттары - жаныбарлардын ооруларынын диаг- нозун аныктоого, иммундук алдын алууга жана дарылоого пайдаланылуучу биологиялык, өсүмдүктүк, химиялык-фармацевттик дары-дармектер жана баш- ка каражаттар; ветеринардык-санитардык иш-чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жугушсуз жалпыга таралуучу ооруларынын чыгышын жана анын жайылышын бол- турбоого, адам жана жаныбарлар үчүн бирдей оорулардан адамдарды коргоо- го, жаныбарлардын оорусунан келип чыгуучу зыяндын алдын алууга багыт- талган иш-чаралардын тутуму; ветеринариялык көзөмөлдүк - ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын текшерүү жана камсыз кылуу боюнча ар кандай процедура; ветеринариялык ченем - адам, жаныбарлар, табигый айлана-чөйрө үчүн анын коркунучсуз (коопсуз) экендигинин көз карашынан алганда ветерина- риялык же ветеринардык-санитардык факторду мүнөздөөчү жагынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр белгилеген жол берилүүчү максималдуу же минимал- дуу сандык же сапаттык көрсөткүчтүн мааниси; ветеринардык-санитардык жагдай - белгилүү бир аймакта, айкын көрсөтүлгөн убакытта жаныбарлардын оорулары чыккан, алардын таралышы жана дартка чалдыгуунун дењгээли, ошондой эле ветеринариялык көзөмөлдөө объекттериндеги ветеринардык-санитардык талаптардын уюштурулушу жана толук аткарылышы менен мүнөздөлүүчү абал; ветеринариялык эрежелер жана ченемдер - (мындан ары - ветеринария- лык эрежелер) - муну сактабоо жаныбарлардын ооруларынын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын жана тамак-аштан уулануунун (зыянга учуроонун) пайда болуу жана таралуу мүмкүндүгүнө коркунуч туу- дурган ветеринариялык жана ветеринардык-санитардык талаптарды (анын ичинде коопсуздуктун ветеринардык-санитардык ченемдерин) белгилөөчү че- немдик укуктук актылар; ветеринариялык практика - юридикалык (менчиктин бардык түрлөрүндөгү ветеринариялык мекемелердин жана мамлекеттик уюмдардын) жана жеке адамдардын (ветеринар адистердин) жаныбарлардын ооруларынын алдын алуу иш-чараларын, диагностикалык текшерүү жана дарылоо, ошондой эле ветеринариялык дары каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен байланыш- кан ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жасалуучу иштин чөйрөсү; ветеринардык-санитардык экспертиза - базарлардагы жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктардын сапатын баалоо жана аларды пайда- лануу маселесин чечүү максатында жүргүзүлүүчү атайын изилдөөлөрдүн комплекси; ветеринардык кызмат - өз компетенцияларынын чектеринде ветеринар- дык-санитардык жагдайды контролдоону, эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууну жана жүргүзүүнү жана ушул кызматтар жөнүндөгү жободо белги- ленген ветеринария жаатындагы башка милдеттерди чечүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик, ведомстволук, өндүрүштүк уюмдар, мекемелер, ишканалар же алардын бөлүмчөлөрү; жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын диагностикасы - атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү жолу менен жаныбарлардын жугуштуу ооруларын анык- тоо максатында жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын тутуму; жаныбарлар - айыл чарбасындагы, үйдөгү, зоопарктагы, цирктеги, ла- бораториядагы жана жапайы жаныбарлар, ошондой эле териси баалуу жырт- кычтар, канаттуулар, балыктар, аарылар, фаунанын башка түрлөрү, инкуба- циялык жумурткалар, урукташылган икра, өндүргүчтөрдүн уругу жана эмбри- ондор; жаныбарлардын жугуштуу ооруларын иммундук алдын алуу - алдын алуу- чу эмдөөлөрдү жүргүзүү жолу менен жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын чыгышынын алдын алуу, таралышын чектөө жана жоюу максатында жүзөгө ашы- рылуучу иш-чаралардын тутуму; иммунобиологиялык дары-дармектер - жугуштуу ооруларга өзгөчө ту- руштук берүүнү пайда кылуу пайдаланылуучу вакциналар, анатоксиндер, сы- вороткалар, иммуноглобулиндер жана башка каражаттар; карантин - жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышын алдын алу- уга багытталган убактылуу ветеринардык-санитардык жана администрациялык чектөө чараларынын комплекси; ветеринариялык дары каражаттарын жүгүртүү - дары каражаттарын иш- теп чыгуу, сыноо, өндүрүү, маркировкалоо, упаковкалоо, сактоо, ташуу, мамлекеттик каттоо, стандартташтыруу, сертификаттоо, сапатын контролдоо жарнамалоо, сатуу, колдонуу жана жараксыз болгондорун утилдештирүү (жок кылуу) камтыган иштер; өзгөчө карантин режими - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалардын ишинде карантиндик жугуш- туу оорулардын чыккан жерин чектөөгө жана жоюуга багытталган, жарандар- дын жана юридикалык жактардын укуктарын жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда каралган убактылуу белгиленген чектөөлөргө жол берүүчү жана аларга ко- шумча милдеттерди жүктөөчү өзгөчө укуктук режим; тобокелдикти сыноо - товарларды импорттоодо жаныбарлардын жугуштуу ооруларын козгоочулардын жугуу мүмкүнчүлүгүн же оорулардын пайда болу- шун жана таралышын болтурбоого талап кылынуучу ветеринардык-санитардык чаралардын башка факторлорунун таасирин аныктоо жана биологиялык жана экономикалык кесепеттерин болжолдоо; жаныбарлардан алынган азыктар - малдардын жана канаттуулардын эти жана алардан жасалган эт азыктары, сүт жана сүт азыктар, жумуртка жана жумурткадан жасалган азыктар, балык жана дењизден алынуучу азыктар, ба- лык азыктары, бал азыктары, терилер, жүн, кыл, ањ терилери, тыбыт жана мамык, эндокриндик бездер, кан, сөөктөр, мүйүздөр, туяктар жана жаны- барлардан алынуучу дагы башка нерселер; эпизоотияга каршы иш-чаралар - эпизоотиянын алдын алууга, табууга же жоюуга багытталган уюштуруучулук жана атайын иш-чаралардын тутуму; эпизоотия - жугуштуу оорунун жаныбарларга кењири жайылышы, мында ооруга чалдыгуунун дењгээли ошол аймак жана ошол мезгил үчүн мүнөздүү болгон кадимки дењгээлинен ашып кетет; эпизоотиялык жакшы абал - аймакта жаныбарлардын өтө коркунучтуу оорулары жок болгон, ал эми башка ооруларга чалдыгуу ошол аймак жана ошол мезгил үчүн мүнөздүү болгон кадимки дењгээлден ашпаган аймактын абалы.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1658/st-2)
