# 9-статья. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолу берилүүчү күбөлүк

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411); 04.08.2006 [Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/1941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 9-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-9

---

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи же экинчи нускасы сакталып турган жарандык абалдын актысын жазуу органы жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолу күбөлүк берет.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү экинчи жолку күбөлүк:

- жарандык абалдын актысы жазуу жүргүзүлгөн адамга;

- эгерде жарандык абалдын актысын жазуу ага карата мурда түзүлгөн адам өлгөн учурда, өлгөн адамдын тууганына же башка кызыкдар адамга;

- эгерде мурда туулгандыгы тууралу акт жазуусу жүргүзүлгөн адам экинчи жолку күбөлүк берилүүчү күнгө карата жашы жетпесе, ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн өкүлүнө;

- ушул статьяга ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүктү алууга укуктуу адамдын атынан нотариалдык жактан ырасталган ишеним кат берилген учурда башка адамга берилет. Ишенимдүү адамдын жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүктү алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

21. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү экинчи жолу берүүдө жеринин аталышы алгачкы актылык жазууга ылайык көрсөтүлөт.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү экинчи жолку күбөлүк:

- баланын ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген ата-энелерине (ата-энесинин бирине), - баланын туулгандыгы тууралу күбөлүк;

- никени бузган адамдарга жана никеси жалган деп табылган адамдарга, - никеге туруу жөнүндө күбөлүк берилбейт.

Көрсөтүлгөн адамдардын өтүнүчү боюнча аларга баланын туулгандыгын же никеге турууну мамлекеттик каттоонун фактысын тастыктоочу документ берилет.

4. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүк жарандык абалдын актысын жазуу органына кайрылган адамга ал кайрылган күнү берилет.

Эгерде адам жарандык абалдын актысын жазуу органына жазуу формасында суроо-талап менен кайрылса, экинчи жолку күбөлүк ал адам көрсөткөн дарек боюнча жиберилет жана ага кошуп анын атына күбөлүктү жөнөткөндүгү жөнүндөгү билдирүүнү жиберет. (КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-10)
