# 75-статья. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 75-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-75

---

1. Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү оңдолууга же өзгөртүлүүгө тийиш жазуулар сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолордун же өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралу жаңы күбөлүк берилет.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси жарандык абалдын акт жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу жарандык абалдын актысынын тиешелүү жазууларынын экинчи нускасы сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органына жарандык абалдын актыларынын жазуусуна киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр тууралу маалымат берүүгө жана ошол эле учурда мындай оңдоолор же өзгөртүүлөр киргизилгенден үч күндүк мөөнөт ичинде арыз ээси турган жердеги ички иштер органына жана аскер комиссариатына билдирүүгө милдеттүү. (КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

X-глава Жарандык абалдын акт жазууларын калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-74)  
Кийинки берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-76)
