# 68-статья. Өлгөндүк тууралу билдирүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 68-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-68

---

1. Өлгөндүк тууралу жазуу жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын жазуу органына төмөндөгүлөр билдирүүгө милдеттүү:

- өлгөн адамдын күйөөсү (аялы), дагы башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлөөрүндө жанында болгондордун же өлгөндүгү тууралу дагы башка маалымат алгандардын кимиси болсо да;

- эгерде адам ошол уюмда же мекемеде жүргөнүндө өлсө, медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси;

- эгерде кесилген адам эркинен ажыратылган жерлерде жазасын тартуу мезгилинде өлсө, жазаны аткартуучу мекеме;

- (абзац КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жогготту)

- эгерде өлгөн адамдын ким экендиги аныктала элек болсо, анын өлгөндүгүнө байланыштуу же өлгөндүк фактысы боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатса, алгачкы текшерүү же тергөө органы;

- эгерде адам аскердик кызматын өтөп жүрүп өлсө, аскер бөлүгүнүн командири.

2. Өлгөндүк тууралу билдирүү ошол адам өлгөн күндөн же өлгөн адамдын денеси табылган күндөн жети күндөн кечиктирбестен берилүүгө жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- арыз ээсинин же юридикалык жактын өкүлүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- өлгөн адамдын жеке идентификациялык номуру (бар болсо), фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана туулган жери, өлгөн датасы жана жери, жарандыгы, улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери жана инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш. (КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-69)
