# 67-статья. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоодон өткөргөн жер

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 67-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-67

---

1. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каза болгон адамдын акыркы жашаган жери, өлгөн жери боюнча жүргүзүлөт.

2. Эгерде адам кемеде, поездде, самолетто же жүрүп бараткан дагы башка транспорт каражатында кетип баратып өлсө, өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол өлгөн адамдын сөөгү транспорт каражатынан түшүрүлгөн аймактын ичинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде адам жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актысын жазуу органдары жок алыскы жерде жүрүп өлсө өлгөндүктү мамлекеттик каттоо ошол адамдын өлгөн жерине жакынкы жарандык абалдын актыларын жазуу органы аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Өлгөндүктү мөөнөтүн өткөрүү менен (бир жылдан ашык) мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-68)
