# 65-статья. Атын өзгөртүүгө байланыштуу жарандык абалдын актысынын жазууларын өзгөртүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 65-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-65

---

1. Атын өзгөртүү жөнүндөгү акт жазууларынын негизинде атын өзгөртө турган адамга карата мурда түзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуусуна өзгөртүү киргизилет жана жарандык абалдын актысынын жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранына, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата атын өзгөртүүнү жарандык абалдын актыларын жазуу органы жүргүзсө, ушундай адамга карата түзүлгөн жарандык абалдын акт жазуусуна чет мамлекеттин мыйзамдарын сактоо менен чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан өзгөртүү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген мындай өзгөрүүлөрдү ырастаган документтер болгондо киргизилет.

2. Ата-эненин жашы жете элек баласынын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусундагы аты өзгөртүлгөндө ата-энеси тууралу маалымат дагы өзгөртүлөт.

Жашы жеткен баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусундагы анын ата-энеси тууралу маалымат жарандык абалдын акт жазуусуна түзөтүү жана өзгөртүү киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ошол адамдын арызы боюнча өзгөртүлөт.

3. Ата-эненин экөөнүн тең фамилиясы жана атасынын аты өзгөртүлсө, алардын он алты жашка чыга элек баласынын туулгандыгы жөнүндөгү жазылган акт жазуусундагы фамилиясы менен атасынын аты өзгөртүлөт.

Ата-энесинин биринин фамилиясы өзгөргөндүгүнө байланыштуу он алты жашка чыга элек алардын баласынын фамилиясы ата-энесинин макулдугу боюнча, ал эми макулдугу жок болсо соттун чечиминин негизинде өзгөрүлүшү мүмкүн. Ата-энеси фамилиясын жана атасы атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу жашы жеткен баланын фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо үчүн жүргүзүлөт.

4. Жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу акт жазуусуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жарандык абалдын актыларын жазган органдар тарабынан атын которгондугун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VIII глава Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-66)
