# 59-статья. Аталыкты аныктоого байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 59-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-59

---

1. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде баланын туулгандыгы тууралу актыга анын атасы жөнүндөгү маалымат киргизилет. Атасы жөнүндө маалымат киргизүү, ошондой эле баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн жарандык абалдын акт жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Аталыкты аныктоого байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органы аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн үч күндүк мөөнөт ичинде баланын энесинин жашап турган жери боюнча калкты социалдык жактан коргоо органына билдирүүгө милдеттүү.

VII глава Атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-60)
