# 57-статья. Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусунун мазмуну

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 57-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-57

---

Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусуна төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:

- баланын атасы деп табылган адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты (атасы экендиги аныкталганга чейинки), жынысы, туулган датасы жана жери;

- туулгандыгы жөнүндө акт жазуусун түзүүнүн датасы, номуру жана баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- аталыгы аныкталгандан кийинки баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланын энесинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту;

- аталыкты аныктоо үчүн негиз болуп саналган документ жөнүндөгү маалымат;

- арыз берүүчүнүн (арыз берүүчүлөрдүн) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери;

- аталыкты аныктоо жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-58)
