# 56-статья. Соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 56-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-56

---

1. Аталыкты аныктоо жөнүндө же атасы деп таануунун фактысык аныктоо тууралу соттун чечиминин негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын энесинин же атасынын, бала багуусунда турган камкорчулук (көзөмөлдүк) кылган адамдын, болбосо жашы жеткен баланын өзүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануунун фактысын аныктоо тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же баланын камкорчусунан (көзөмөлчүсүнөн) арыз берүүдө - камкорчулук (көзөмөлчүлүк) жөнүндө чечим жана алардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер берилет. Ага карата аталык аныкталып жаткан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо аталыкты аныктоо жөнүндө же аталыкты таануу фактысын белгилөө тууралуу соттун чечими чыгарылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адам аталыкты мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө жазуу жүзүндөгү башка адамга ыйгарым укук бере алат.

Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

3. Баланын атасы жөнүндөгү маалымат аталыкты аныктоо тууралу же атасы деп таануунун фактысын аныктоо жөнүндөгү соттун чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык аталыкты аныктоо тууралу жазылган актыга киргизилет.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-57)
