# 54-статья. Жашы жеткен адамга карата аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 54-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-54

---

Эгерде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо жашы жеткен адамга карата аталыкты аныктоо жөнүндө арыз берилген күндөн тартып жүргүзүлсө, ушул Мыйзамдын 52 жана 53-статьяларында көрсөтүлгөн тартипте, ошондой арыз менен бирге эле аталыкты аныктоого жашы жеткен адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилүүгө тийиш. Жашы жеткен адамдын макул экендиги өзүнчө арызда же атасы менен энесинин (атасынын арызы) биргелешип жазган арызына кол коюу аркылуу билдирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-55)
