# 52-статья. Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызынын негизинде аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 04.08.2006 [Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/1941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 52-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-52

---

1. Бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын атасы жана энеси биргелешип жазган аталыкты аныктоо жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызды жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет.

2. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо учурунда, ошондой эле баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.

3. Эгерде бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешип арыз берүү мүмкүн эмес же тоскоолдуктарга учурай тургандай негиздер бар деген божомолдор болсо, бала төрөлгөн учурда өз ара никеде турбаган баланын болочок атасы жана энеси мындай арызды эненин боюнда бар кезинде бере алат. Мындай арыз түшкөндө, эгерде баланын төрөлүшүн мамлекеттик катгоого чейин мурда берилген арыз атасы же энеси тарабынан кайра алынбаса, аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо менен бир эле учурда жүргүзүлөт жана жаңы арыз талап кылынбайт.

4. Аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызда баланын энеси менен никеде турбаган адам атасы деп таанылгандыгы жана ал атасы экендигин аныктоого энесинин макулдугу тастыкталуута тийиш. Ал арызда төмөндөгүдөй маалыматтар, көрсөтүлүүгө тийиш:

- өзүн баланын атасы деп тапкан адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, ошондой эле анын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунун реквизиттери (баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон кийин атасы экендигин аныктоо учурунда);

- баланын энесинин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- никеге туруу жөнүндөгү акт жазуусунун реквизиттери (бала төрөлгөндөн кийин баланын атасы менен анын энеси никеге турган учурда);

- атасы аныкталгандан кийин баланын фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланын атасынын жана энесинин инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери.

Арыз берүүчүлөр аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн дата көрсөтүлөт. Бала төрөлгөнгө чейин берилген мындай арызда ага атасынын же энесинин фамилиясын берүүдө жана атын коюуда (төрөлгөн баланын жынысына жараша) болочоктогу баланын ата-энелеринин макулдашуусу тастыкталат. Бала төрөлгөндөн кийин аталыкты аныктоодо аталыкты аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арыз менен бир эле убакта баланын туулгандыгы тууралу күбөлүк, ал эми ушундай арыз бала төрөлгөнгө чейин берилген учурда эненин боюнда бар экендигин тастыктоочу медициналык уюм же жекече иштеген врач жазган документ берилет. (КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-53)
