# 50-статья. Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн негиз

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 50-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-50

---

Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

- бала төрөлгөн учурда баланын өз ара никеде турбаган атасы менен энесинин атасы ким экендигин аныктоо жөнүндөгү биргелешкен арызы;

- ушул Мыйзамдын 53-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, бала төрөлгөн убакта баланын энеси менен никеде турбаган баланын атасынын аталыкты аныктоо жөнүндөгү арызы;

- аталыкты аныктоо же аталыкты таануу фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Баланын ата-энеси тарабынан аталыгын аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, эрк-ниетин билдирүү атасынын же энесинин өзүнчө арыздары менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай арызда коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына энесинин арызы менен бир убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасы менен энесинин пикири билдирилүүгө тийиш. Аталыкты белгилөөнү каттоодо ата-энесинин биринин катышуусу милдеттүү. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-51)
