# 5-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчөлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктары

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 5-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-5

---

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери:

- туулууну, никеге турууну, никени бузууну, аталыкты аныктоону, фамилияны, атты, атасынын атын өзгөртүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор менен өзгөртүүлөрдү-киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

- өздөрүндө сактоодо турган жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизет;

- өздөрүндө сактоодо турган жарандык абалдын актыларынын негизинде жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө экинчи жолку күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун актыларын тастыктоочу башка документтерди берет;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого жана мыйзамдарда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу башка ыйгарым укуктарды аткарат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-6)
