# 46-статья. Асырап алууга байланыштуу туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусун өзгөртүү

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411); 16.01.2014 [Закон КР от 16 января 2014 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205232); 04.08.2006 [Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/1941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 46-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-46

---

1. Асырап алуу жөнүндөгү акт жазуусунун негизинде жарандык абалдын актысынын жазуусуна оңдоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте баланын туулгандыгы тууралу акт жазуусуна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.

2. Асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу боюнча соттун чечиминин негизинде баланы асырап алгандыгын, баланын туулган датасын жана (же) туулган жерин белгилөө жөнүндө өзгөртүү киргизилген учурда, соттун чечиминде көрсөтүлгөн баланын туулган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын туулгандыгы тууралуу актынын жаңы жазуусу түзүлүшү мүмкүн. Баланын туулгандыгы жөнүндө жаңы жазылган актынын түзүлүшү тууралу маалыматтар анын туулгандыгы жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга киргизилет.

3. Баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусу сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы асырап алууга байланыштуу баланын туулгандыгы тууралу өзгөртүлгөн же жаңыдан түзүлгөн актынын жазылышынын негизинде анын туулгандыгы жөнүндө жаңы күбөлүк берет.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы № 12, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-47)
