# 43-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411); 16.01.2014 [Закон КР от 16 января 2014 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205232); 04.08.2006 [Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/1941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 43-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-43

---

1. Баланы асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет.

Арызда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты;

- баланы (кызды) асырап алуу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин реквизиттери (аталышы, чыгарылган датасы);

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери;

- асырап алуучулардын никеге туруу жөнүндө актысынын түзүлгөн датасы, жазуусунун номуру жана асырап алуучулардын никеге туруусун мамлекеттик каттоого алган жарандык абалдын актыларын жазуу органынын аталышы;

- асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;

- асырап алуучуларды (асырап алуучуну) ата-энелер (ата-эне) катары жазуу тууралу маалыматтар;

- асырап алуучулар ыйгарым укуктарын өткөрүп берген учурда, ыйгарым укуктуу адамдын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты.

Арыздын түзүлгөн датасын көрсөтүү менен, ага арыз берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш. Арыз менен бир убакта баланы асырап алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Асырап алуучулар (асырап алуучу) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча бала асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү үчүн башка жактарга ыйгарым укук берүүгө укуктуу. Ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары ишеним катта атайын каралууга тийиш.

2. Эгерде асырап алуучулар (асырап алуучу) же алар ыйгарым укук берген адамдар бала асырап алынган күндөн тартып бир айдын ичинде мындай арыз бербесе, асырап алуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына келип түшкөн баланы асырап алууну белгилөө жөнүндө соттун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-статьясында белгиленген тартипте катталат.

(КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2014-жылдын 16-январындагы № 12, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-44)
