# 4-статья. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 4-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-4

---

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары (мындан ары - жарандык абалдын актыларын жазуу органдары) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына төмөнкүлөр кирет:

- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү);

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.

3. Алардын аймактарында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары болбогон ошол администрациялык-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) туулгандыгын, никеге турууну, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөр менен аталыкты, өлүмдү белгилөөнү мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл материалдык жана финансылык каражаттарды өткөрүп берүү менен берилет.

4. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-5)
