# 37-статья. Никенин бузулушу жөнүндө соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоонун тартиби

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023666..1023667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 37-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-37

---

1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулушун мамлекеттик каттоо соттун чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никеге турган мамлекеттик катталган жердеги, болбосо соттун чечиминен жазып алуунун жана мурдагы жубайлардын (алардын кимисинин болсун) арызынын же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусунун арызынын негизинде мурдагы жубайлар (алардын кимисинин болсун) жашаган жердеги жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жүргүзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз жазуу формасында берилет.

Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актысын жазуу органына каттатып койсо, ал эми мурдагы башка жубай ошол эле жарандын абалдын актысын жазуу органына кийин кайрылса, бул жөнүндөгү маалымат мурдагы жубайдын никени бузуу тууралу алгачкы катталган акт жазуусуна киргизилет. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир убакта никенин бузулушу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими берилүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) жубайдын инсандыгын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.

2. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же аракетке жөндөмсүз жубайдын камкорчусу никенин бузулушун мамлекеттик каттоо жөнүндө арызданууга башка адамдарга жазуу формасында ыйгарым укук бере алышат.

3. Никенин бузулушуна нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никени бузуу жөнүндө актылык жазуу түзүлөт. Никенин бузулушун мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды көрсөтүүгө жана никенин бузулушу жөнүндө күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (эскертилүүгө) тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-38)
