# 30-статья. Никеге турууну мамлекеттик каттоодо жубайлардын фамилиясын жазуунун тартиби

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 30-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-30

---

1. Никеге турууну мамлекеттик каттоодо жубайларга никеге туруу жөнүндө актыны жазууда жубайлардын тандап алуусу боюнча жубайлардын жалпы фамилиясы же жубайлардын ар биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат.

2. Жубайлардын жалпы фамилиясы катары жубайлардын биринин фамилиясы же, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса, күйөөсүнүн фамилиясына аялынын фамилиясын кошуу аркылуу түзүлгөн фамилия жазылышы мүмкүн. Жубайлардын жалпы фамилиясы дефис менен бириктирилип жазылган эки фамилиядан көп болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-31)
