# 28-статья. Никени салтанаттуу кырдаалда каттоо

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 28-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-28

---

1. Никени каттоо салтанаттуу кырдаалда жүргүзүлүшү мүмкүн (жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын никени салтанаттуу каттоо үчүн атайын камдаган имараттарда, жайларда, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын жана никелешкен адамдардын макулдугу боюнча башка орундарда).

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызмат адамы:

- никелешкен адамдарга келечектеги жубайлардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

- никелешүү жөнүндөгү макулдукту жана жубайлар тандап алган фамилияларды тактайт.

2. Никеге турууга тоскоолдук жок болсо никелешкендердин колу коюлган жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызмат адамынын кол тамгасы менен бекитилген нике туурасындагы жазуу жарандык абалдын актыларын жазуу китебине киргизилет.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-29)
