# 26-статья. Никеге туруу жөнүндө арыз

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 26-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-26

---

1. Никеге кирүүчү адамдар жарандык абалдын актыларын жазуу органына никеге туруу жөнүндө жазуу формасында биргелешкен арыз беришет.

Биргелешкен арызда никеге турууга өз ара ыктыярдуу макулдашуу, ошондой эле никеге турууга тоскоолдук кылуучу шарттардын жоктугу тастыкталууга тийиш. Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

- никеге туруп жаткан адамдардын ар биринин жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, никеге турууну мамлекеттик каттоо күнүндөгү жаш курагы, жарандыгы, улуту (өз каалоосу боюнча), жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы тууралу маалыматтары (никеде болгон эмес, ажырашкан, жесир (жесил);

- никеге кирип жаткандар тандаган фамилиялары;

- никеге кирип жаткандардын ким экендигин ырастаган зарыл керектүү документтердин реквизиттери.

Никеге кирүүчү адамдар никеге туруу жөнүндө биргелешкен арызга кол коюшат жана аны түзгөн күндү көрсөтүшөт. Никеге туруу жөнүндө биргелешкен арыз менен бирге берилүүчү зарыл документтер:

- никеге кирүүчүлөрдүн ким экендигин ырастаган документтер;

- эгерде адам (жак) мурда никеде турган болсо, мурдагы никенин токтотулгандыгын тастыктаган документ;

- эгерде никеге кирүүчү адамдын (жактын) жашы жете элек болсо (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 14-статьясынын 2-пункту), никелик куракка жеткиче никеге кирүүгө уруксат берүү.

2. Эгерде никеге кирүүчү адамдардын бири ушул статьянын 1-пунктунда каралган биргелешкен арызды берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге кирүүчү адамдын эрки никеге туруу жөнүндө өзүнчө арыздар менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Адамдын мындай арызындагы кол тамгасы нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-27)
