# 22-статья. Туулгандык тууралу акт жазуусунун мазмуну

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 22-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-22

---

1. Туулгандык тууралу акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- баланын жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, жынысы, туулган датасы жана жери, өлүү туулгандыгы, тирүү төрөлгөндүгү, баланын салмагы;

- туулган балдардын саны (бирөө, эгиз же андан көп);

- баланын туулгандыгынын фактысын тастыктаган документ жөнүндө маалымат;

- ата-энесинин (ата-энесинин биринин) жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери;

- атасы тууралу маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп саналган документ жөнүндө маалымат;

- арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жери, болбосо баланын туулгандыгы тууралу билдирген органдын же уюмдун аталышы жана юридикалык дареги;

- туулгандыгы тууралу берилген документтин сериясы жана номуру.

2. Бир эле мезгилде эгиз же андан көп бала туулган учурда туулгандыгы тууралу акт жазуусу алардын төрөлүү кезеги көрсөтүлүү менен ар бир балага карата түзүлөт.

3. Бала өлүү туулган учурда анын аты жана атасынын аты тууралу маалымат туулгандыгы жөнүндө каттоо актысына киргизилбейт.

(КР 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-23)
