20-статья. Өлүү туулган же жашоосунун алгачкы жумасында өлгөн баланы мамлекеттик каттоо
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
1. Өлүү туулган баланы мамлекеттик каттоо медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген баланын өлүү туулгандыгы тууралу белгиленген формадагы документтин негизинде жүргүзүлөт.
Баланын өлүү туулгандыгы тууралу күбөлүк берилбейт. Ата-энесинин (ата-энесинин биринин) өтүнүчү боюнча баланын өлүү туулгандыгын мамлекеттик каттоо фактысын тастыктаган документ берилет. Өлүү туулган баланын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
2. Эгерде бала туулгандын алгачкы жумасында чарчап калса, анын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
Туулгандын алгачкы жумасында өлгөн баланын туулгандыгын жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо медициналык уюм же жекече иштеген врач тарабынан берилген туулгандыгы тууралу жана баланын өлүү туулгандыгы жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт. Туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө түзүлгөн акт жазуусунун негизинде баланын өлгөндүгү тууралу күбөлүк гана берилет. Ата-энесинин (ата-энесинин биринин) өтүнүчү боюнча туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланы мамлекеттик каттоо фактысын тастыктаган документ берилет.
3. Баланын өлүү туулгандыгы же туулгандыгы жана туулгандын алгачкы жумасында баланын өлгөндүгү жөнүндө жарандык абалды каттоо актысын жүргүзүүчү органга билдирүү милдети:
- баланын төрөтүн кабыл алган же бала өлгөн медициналык уюмдун жетекчисине;
- медициналык уюмдун жетекчисине, баланын өлүү туулганын же туулгандык алгачкы жумасында чарчап калган баланын өлүмүнүн фактысын аныктаган врачка, болбосо медициналык уюмдан тышкары төрөттү кабыл алган жекече иштеген врачка жүктөлөт.
4. Баланын өлүү туулгандыгы тууралу же туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү жөнүндө билдирүү баланын өлүү туулгандыгынын фактысын же туулгандын алгачкы жумасында чарчап калган баланын өлүмү тууралу факт белгилүү болгон күндөн үч күндөн кечиктирилбестен жасалууга тийиш.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1655/st-20" title="20-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>