# 18-статья. Туулгандыкты мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 18-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-18

---

1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары эки башка болсо, бала атасынын фамилиясы боюнча же ата-энесинин макулдугу боюнча энесинин фамилиясы боюнча жазылат.

2. Баланын аты ата-энесинин макулдугу боюнча жазылат.

3. Баланын аты жана (же) анын фамилиясы боюнча (ата-энеси ар башка фамилияда болсо) ата-энесинин ортосунда макулдук болбосо, пайда болгон пикир келишпестик сот тартибинде чечилет.

4. Эгерде улуттук каада-салтта башкача негизделбесе, баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана балага карата аталык аныкталбаса, баланын аты энесинин каалоосу боюнча, атасынын аты - туулгандыгы тууралу жазуу актысында баланын атасы катары көрсөтүлгөн адамдын аты боюнча, баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча жазылат.

Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса энесинин каалоосу боюнча туулгандыгы тууралу жазуу актысына баланын атасы жөнүндө маалымат киргизилбейт, баланын атасынын аты-энесинин көрсөтүүсү боюнча киргизилет.

6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын фамилиясы, аты, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ыйгарылат.

7. Ата-энесинин каалоосу боюнча балдарынын фамилиясы атасынын же чоң атасынын аты боюпча, болбосо кыргыздын улуттук салтын сактоо менен жазылышы мүмкүн.

Башка улуттардын адамдарынын аты жана фамилиясы алардын каалоосу боюнча алардын салтына ылайык жазылат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-19)
