# 14-статья. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

- Документ: [Жарандык абалдын актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1655)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/112094)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2018 [Закон КР от 5 июня 2018 года № 60 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Семейный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111793); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111411); 10.08.2007 [Закон КР от 10 августа 2007 года № 148 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/202182); 04.08.2006 [Закон КР от 4 августа 2006 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния"](https://aqlex.ai/kg/doc/1941)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655#diff=1023667..1023668>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1586/edition/1023661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1655/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык абалдын актылары жөнүндө, 14-статья (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-14

---

1. Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат.

- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

- ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) документтери;

- ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, чет мамлекетте туулган балдардын туулгандыгынын фактысын ырастоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башка).

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер жок болгондо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошол аял тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын белгилөө жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдар болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында туулган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага бир эле убакта жеке идентификациялык номур ыйгарылат.

Жеке идентификациялык номур Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат. (КР 2006-жылдын 4-августундагы № 147, 2007-жылдын 10-августундагы № 148, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1655/st-15)
