# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-октябры № 533-б (Жумушчу комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-октябры № 533-б (Жумушчу комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 533-р
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/16549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-2708/edition/515582/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/16549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-октябры № 533-б (Жумушчу комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (20.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/16549

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2002-жылдын 3-октябры № 533-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 330 "Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарбага жана турак жай мамилелерине тиешелүү нормативдик актыларды тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн:

1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу комиссия түзүлсүн.

2. Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин:

- турак жай-коммуналдык чарбага тиешелүү нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды;

- турак жайлык фондду жалпы үлүштүк менчикти жана турак үйлөрдү кондоминиумдарга өткөрүп берүүнү эске алуу менен инвентаризациялоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 10-майындагы № 334-II "Турак жайлык мамилелерди өзгөртүүнүн негиз түзүүчү принциптерин жана турак жайдын менчик ээлеринин укуктарын республикада турак жайлык-коммуналдык кризистин өсүшүнө алып келген одоно бузуулар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак-жай коммуналдык чарба жана турак жайлык мамилелер боюнча нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-августундагы № 309-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри Т.Э.Өмүралиевге жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-октябрындагы № 533-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарбага

жана турак жай мамилелерине тиешелүү нормативдик

актыларды тартипке салуу боюнча жумушчу комиссиянын

КУРАМЫ

Өмуралиев Т.Э. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри, комиссиянын төрагасы; Турсунов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Зарипов А.З. - Кыргызжилкоммунсоюздун төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары; Матеев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун директору; Узакбаев Э.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Жамакеев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Абдыкадыров Э. - Бишкек шаарынын вице-мэри; Шаимбетов Д.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай жана курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнүн курулуш жана коммуникациялар секторунун башчысы; Сыдыков Б.К. - Кыргыз Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба жана турак жайлык мамилелер боюнча уюмдарынын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Жолдошев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамрегистринин Жерге жана козголбос мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкы башкармасынын начальниги; Горбунов Г.И. - "Биздин үй" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчисинин орунбасары М.Сатыбеков
